Түркестанда Көчмөндөр оюндары өттү

Түркестанда Көчмөндөр оюндары өттү

Улуттук спорт даңазаланды. Түркестан облусунда көчмөндөр оюндары өттү. Жаштар салттуу спорттун түрлөрү боюнча күч сынашты. Казактын улуттук оюндарынын ичинен эң кызыктуусу оодарышмак. Эрежеге ылайык, атка минген күч ээлери каршылашын ээрден оодарып түшүргөнү жеңүүчү аталат. Ошондой эле, кочкор көтөрүп байге алууга аракет кылган жаштар дагы болду.

Килемде казак күрөшү боюнча күч сынашкан балбандар оюндардын көркүн ачты.

Исламбек Ильяскажы, балбан:

Бул биздин ата-бабаларыбыздан калган спорт түрү. Бул казак күрөшү - казактын бренди. Анын миңдеген жылдык тарыхы бар. Мунун аркасында ата-бабаларыбыз согушта жеңишке жетишти деп айта алам. Негизи мен күрөшөм. Самбо жана дзюдо менен машыгам. Бирок мага казак күрөшү абдан жагат.

Кеңири масштабдагы мелдеште казак улуттук тамагынын даамын татууга да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Боз үйдө атайын жайылган дасторконго энелер кеңешинин тамак-ашы коюлган. Ал келген конокторго тамактын түрүн жана жасоо технологиясын көрсөтүп, ынтымактын жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтөт.

Акжаркын Бакоразова, айыл тургуну:

Мунун баары бизде тынчтыктын жана кызматташтыктын жогорку деңгээли бар экенин көрсөтүп турат. Биздин район абдан гармониялуу жана ынтымагы төп келишкен район.

Ошентип, көчмөндөр оюнунун уюштуруучулары казак элинин маданиятынын жана тарыхынын маанилүү бөлүгүн сактоого салым кошушту. Мындай чаралар аймакка туристтерди тартууга да өбөлгө болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков