Германияда казакстандык студенттердин форуму өттү

Германияда казакстандык студенттердин форуму өттү

Берлинде казакстандык студенттердин 8-форуму өттү. Казак элчилиги уюштурган жолугушууга Германиянын бардык тарабынан жаштар чогулду. Катышуучулар дипломаттар менен жана алардын ишмердүүлүгү менен таанышып, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Кошумчалай кетсек, форумдун алкагында «Дүйнө тааныган Казакстан» аттуу фото-көргөзмө сунушталды. Анда коюлган эмгектерден коноктор улуу талаанын кооз пейзаждарын көрө алышты. Студенттер форуму спорттук мелдештер менен уланды. Келечекте казак студенттери мындай жыйындарга немис жаштарын да чакырып, Казакстандын бай маданияты менен тааныштырууну мерчемдеп жатат.

Назерке, Гумбольдт университетинин студенти:

- Форум Берлинде өтүп жатканына карабай, түрдүү университеттердин студенттери чогулду. Биз буга таң калдык. Мындай жолугушуу азыр абдан маанилүү, анткени пандемиядан кийин карым-катнаш азайып кеткен. Бул форумдун аркасында студенттер бири-бири менен таанышып, жакшы досторго айланат деп ойлойм. Бул мен үчүн абдан маанилүү. Германияда жүрүп, өзүмдүн туулган чөйрөмдү тапкандай болуп жүрөм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков