Казакстандыктардын УБТ тапшыруу механизми оптималдаштырылышы мүмкүн

Казакстандыктардын УБТ тапшыруу механизми оптималдаштырылышы мүмкүн

Чет жердеги казакстандыктардын УБТ тапшыруу механизмин оптималдаштыруу же толук түрдө алып салуу керек. Бул аларга жыл сайын берилүүчү гранттын толук пайдаланылбай жатканына байланыштуу. Бул тууралуу Мекендештер фонду коммерциялык эмес акционердик коомунун алдындагы Коомдук комиссиянын кезектеги жыйынында фонддун Вице-Президенти Магауия Сарбасов билдирди. Баяндамачынын айтымында, этникалык казактар үчүн УБТ тапшыруу кыйынчылык туудурат. Анткени, казакстандык программа боюнча 11 жыл окуган абитуриент эч качан Казакстанда окубаган же 9 айлык окуу курсунан өткөн этникалык казактар менен бирдей деңгээлде тест тапшырат. Андыктан, абитуриенттердин 40%га жакыны бул 4% квотага ээ боло алышпайт. Бирок башкармалыктын маселеге жооптуу өкүлү, УБТ маселеси боюнча көйгөйлөрү бар казакстандыктардын атайын стипендиялык программа аркылуу окууга мүмкүнчүлүк бар экендигин айтты.

Ержан Амирбекулы, Казакстандын Билим жана илим министрлигинин Жогорку жана жогорку окуу жайларынын кийинки билим департаменти мудүрүнүн орун басары:

- 2019-жылдан тартып улуттук бирдиктүү тестирлөөсүз стипендиялык программа аркылуу чет өлкөлөрдө жүргөн казак, бирок жарандыгы жок Казакстандын жарандарын өлкөнүн жогорку окуу жайларында окутуунун жаңы механизми ишке кирди. Бул аркылуу жылына 500гө жакын, тактап айтканда, 490 бакалавриат, 50гө жакын магистратура, 10го жакын докторантура деңгээлиндеги окуу жайлар каралган. Мындай өзгөчөлүк - экзамен тапшырылбайт. Жарандарды пикир алмашуунун негизинде кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Айта кетсек, коомдук комиссиянын кезектеги отурумунда мындан тышкары мекенине кайтып келгендердин кош жарандуулугу, чет өлкөлөрдөгү казак маданий борборлоруна колдоо көрсөтүү, Түндүк Казакстан облусунда казакстандыктарды жайгаштыруу жана жарандык алгандардын чет өлкөдөгү иш тажрыйбасын эсепке алуу маселелери да козголду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков