Казакстандын тарыхчылары менен окумуштуулары «өтө жашыруун» документтерди алышты

Казакстандын тарыхчылары менен окумуштуулары «өтө жашыруун» документтерди алышты

Казакстандын илимпоздору жана тарыхчылары Украинанын мамлекеттик архивинен баалуу документтерди аныкташты. Алардын айтымында, баалуу кагаздар тарыхтын көптөгөн жашыруун барактарын ачууга мүмкүндүк берет. Украина 2015-жылдан бери өтө жашыруун тарыхый документтерди ачыкка чыгарып келүүдө. Эми казак илимпоздору өткөн кылымдагы депортациялардын, ачарчылыктын, саясий репрессиялардын сырларын ачып, Экинчи дүйнөлүк согушта туткунга түшкөн казак жоокерлеринин толук тизмесин ачып бере алышат.

Нуртаза Асылов, Казакстандын Куралдуу күчтөрү улуттук аскерий-патриоттук борбору мүдүрүнүн орун басары:

- Изилдөө топтору үч топко бөлүнгөн, алардын биринчиси Киев шаарындагы архивдерде иштеген. Киев шаарындагы 3-4 архив, алар Украинанын борбордук мамлекеттик архиви, улуттук коопсуздук архиви, илимий жүгүртүмгө кирбеген көптөгөн архивдик документтер. Мурда эч качан болбогон. Ушундай илимий архивдик иштердин аркасында биз миңдеген казакстандык адамдардын ысымдарын аныктап, ал тууралуу архивдик документтерди алдык.

Кайрат Алимгазинов, Казакстандын Президенти архиви мүдүрүнүн орун басары:

- Өтө жашыруун деп аталган документтерге кирүү мүмкүнчүлүгү ачылды. Окумуштууларга Украинанын Мамлекеттик коопсуздук архивинде иштөө мүмкүнчүлүгү берилди. Ал жакта 1937-1991-жылдардагы НКБДнын, КГБнын буйруктары, көрсөтмөлөрү, протоколдору бар жана анын баары илимий жүгүртүүгө киргизилген. Фонддор ачык, алар менен жана ар кандай архивдик изилдөөлөр менен иштөө мүмкүнчүлүгү бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков