Сенат Каспий деңизинин био ар түрдүүлүгүн сактоо тууралуу мыйзам кабыл алды

Сенат Каспий деңизинин био ар түрдүүлүгүн сактоо тууралуу мыйзам кабыл алды

Каспий деңизинин флорасы менен фаунасы өзгөчө коргоого алынган. Сенат депутаттары биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жөнүндө протоколду ратификациялады. Документке ылайык, коргоого алынган жаныбарларга аңчылык кылуу, өсүмдүктөрдү чогултуу же жок кылуу жараяны катуу көзөмөлгө алынат. Ошондой эле, деңиз экосистемасына зыян келтире турган ар кандай калдыктарды көмүүгө же жайгаштырууга тыюу салынат. Парламент кабыл алган мыйзам Казакстандын Президентине кол коюуга жөнөтүлдү. Белгилей кетсек, мыйзам долбоору иштелип чыгуу алдында Каспий жээгиндеги мамлекеттердин лидерлери макул болушкан.

Маулен Ашимбаев, Казакстандын Парламенти Сенатынын төрагасы:

- Каспий деңизинин биологиялык ар түрдүүлүгүн жана экосистемасын сактоо - биздин өлкө үчүн стратегиялык маселелердин бири. Бул жаатта бүгүн кабыл алынган мыйзамдын мааниси абдан чоң. Ошондуктан, бул документ деңиз жээгиндеги беш мамлекеттин кызматташтыгын бекемдейт жана Каспий экосистемасын сактоого салым кошот деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков