Борбор калаада «ТЕАТР ALL Nur-Sultan theatre week» фестивалы өтөт

Борбор калаада «ТЕАТР ALL Nur-Sultan theatre week» фестивалы өтөт

Борбордо казакстандык жана чет элдик театр жамааттары чогулат. Тогуздун айынын 28нен жетинин айынын 1 аралыгында «ТЕАТР ALL Nur-Sultan theatre week» фестивалы өтөт. Искусство жумалыгы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулууда. Анын алкагында борбордун көрүүчүлөрү үчүн жыйырмадан ашык спектаклдер, көргөзмөлөр, театр чеберлеринин мастер-класстары уюштурулат. Фестиваль уюштуруучуларынын айтымында, бул биринчи кезекте 1,5 жылдык тыныгуудан кийин шайыр көрүүчүлөр менен артисттердин чоң жолугушуусу болот.

Асхат Маемиров, Мамлекеттик музыкалык балдар жана жаш өспүрүмдөр театрынын мүдүрү:

- Республикада театрлар салттуу түрдө Борбор Азия фестивалдарын өткөрүштү. Албетте, анын башкы өзгөчөлүгү - драма театрларынын арасында болсо, бул жылкы фестиваль куурчак театры да, драма театры да, музыкалык драма театры, балет, опера жана бий театрлары үчүн бул фестивалда өздөрүнүн чыгармачылыгын жана көркөм өнөрлөрүн көрсөтүүгө чоң мүмкүнчүлүк алат.

Белгилей кетсек, фестиваль Нур-Султан шаардык акимчилигинин өзгөчө белеги менен жыйынтыкталат.

Асхат Маемиров, Мамлекеттик музыкалык балдар жана жаш өспүрүмдөр театрынын мүдүрү:

- Бул ирет шаар акимчилиги тарабынан биринчи жолу Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата театралдаштырылган сыйлык тапшырылат. Ушул 4-5 күн ичинде коюлган спектаклдерден биз эң мыкты режиссёрду, драматургду, композиторду, балетмайстерди, актёр-актрисаны, экинчи пландагы актёр, актрисаны тандап алабыз. Өзгөчө мыкты дебютант жаштарга атайын сыйлык даярдалып жатат. Бул албетте акчалай түрдө берилет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков