Казакстандык окуучулар «санариптик сабаттуулук» сабагын окушат

Казакстандык окуучулар «санариптик сабаттуулук» сабагын окушат

Акылдуу муунду тарбиялоо. Келерки жылдан тарта Казакстандын башталгыч класстарынын окуучуларына «Санарип сабаттуулук» предмети киргизилет. Жаштарга электрондук түзүлүштөрдүн жана интернет булактарынын коопсуздугу, алгоритмдердин жана программалоонун негиздери, ошондой эле, робототехника үйрөтүлөт. Окуу китебинде анимация программасы да бар.

Диас Алдамберген, №85 мектеп-лицейинин 1-классынын окуучусу:

- Мен мышыкты, анан спорт залда иштеген адамды жасадым. Мен аз эле нерсе бар деп ойлогом, бирок көп нерсе экен. Мен мышыктарды кыймылдаттым. Башка жаныбарларды жасадым. Кичине кезимде компьютерди билчү эмесмин. Аны 5 жашымда үйрөндүм.

Абылай Қазымбеков, информатика сабагынын мугалими:

- Азыр, пандемия учурунда, бардыгы онлайн окууга өткөн убакытта бул сабакка муктаждык пайда болду. Жарнамаларга же керексиз сайттарга кирүүгө жол бербөө үчүн атайын программалар да бар. Жалпы сервер аркылуу да ушундай бөгөт коюлган. Ал жактан да жөнөтүлбөйт жана биз кошумча программаны орнотобуз. Алар керексиз сайттарга кире албайт.

Жаңы сабакты информатика мугалимдери окуткандыктан алар атайын кайра даярдыктан өтүштү. Санариптик сабаттуулук боюнча окутуу үчтүн айынан тартып, башкача айтканда, үчүнчү чейректе башталат. Белгилей кетсек, буга чейин окуучулар Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар сабагын 3-класстан баштап окуп келишкен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков