Нур-Султанда санариптештирүү долбоорлору күч алды

Нур-Султанда санариптештирүү долбоорлору күч алды

Бардык жараяндарды санариптештирүү. Борбор калаада европалык модель боюнча Smart Astana концепциясы жигердүү ишке ашырылууда. Бул борборду акылдуу шаарга айландырууга мүмкүндүк берет. Бул үчүн биринчи кезекте инфраструктураны жакшыртуу үчүн токтоосуз түрдө алдыңкы санариптик долбоорлорду комплекстүү ишке ашыруу зарыл.

Жанат Маусымбаев, Астана Innovations долбоорлорду өнүктүрүү департаментинин мүдүрү:

- Мисалы, «Клокстер» долбоору. Бүгүнкү күндө 59-мектепте адамдын жүзүн таануу системасы орнотулган. Бул ата-энелерге балдарын көзөмөлдөөгө, башкача айтканда, окуучулардын кирип-чыгуусун көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Система ошондой эле адамдын сырткы көрүнүшүн гана эмес, бет каптын бар экенин жана дене табын көрсөтөт. Сыноодон өтүп жаткан кийинки долбоор - абанын интеллектуалдык иондошуусу. Дал ушул аялдамада үстүбүздөгү жылдын жалган куран айынан баштап онүмдүн мүмкүнчүлүктөрү текшерилген. Бул система абаны 99,9% иондоштурууга мүмкүндүк берет, башкача айтканда, каалаган тургун аялдамага бет капсыз кире алат. Мындан тышкары, видеобайкоо жана оозеки маалымат системалары ишке киргизилген.

Акылдуу шаар дегенибиз жогорку технологиялар менен эле чектелбейт. Учурда борбор калаанын тургундары үчүн пайдалуу тейлөө борборлору ишке киргизилүүдө. Алардын бири iQala. Бул бирдиктүү терезе принциби боюнча иштейт. Башкача айтканда, бир жерден 150дөн ашык кызматты алууга мүмкүндүк берет. Биринчиден, бул убакытты үнөмдөйт. Жарандар көбүнчө суу, жылуулук жана энергия булактары менен камсыздоо жана катуу таштандыларды чыгаруу боюнча шарттарды түзүү кызматына кайрылышат.

Еркебулан Сейсепов, Нур-Султан шаарынын Санариптештирүү жана мамлекеттик кызматтар башкармасынын инновацияларды өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы:

- Биздин монополисттер сунуштаган бардык кызматтарды 15 мүнөттүн ичинде бир жерден алууга болот. IQala борбору аркылуу 180 миңден ашуун өтүнмөгө кызмат көрсөтүлдү. Шаардын мындай тажрыйбасы бүгүнкү күндө Өкмөт тарабынан колдоого алынууда. Учурда Нур-Султандын мындай тажрыйбасынын алкагы кеңейтилип, өлкөнүн башка аймактарында киргизилип жатат.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө саламаттык сактоо, билим берүү, транспорт, турак жай жана коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул тармактарды санариптештирүү жарандардын жашоо сапатын кыйла жакшыртат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков