Казакстанда кайра жанма энергия булактары 2060-жылга карата 80 пайыздан ашат

Казакстанда кайра жанма энергия булактары 2060-жылга карата 80 пайыздан ашат

2060-жылга карата кайра жанма жана альтернативдүү энергия булактарынын үлүшү Казакстандын жалпы энергетикалык балансынын 80%дан ашыгын түзөт. Бул тууралуу Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев Париж келишиминин максаттарына жетүү жана Казакстандын көмүртек бейтараптыгына арналган эл аралык конференциянын жүрүшүндө билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, мындай милдеттер системалуу аракеттерди талап кылат. Анын ичинде, отун-энергетикалык комплексин модернизациялоо, өнөр жай жана агроөнөр жай саясатын кайра карап чыгуу, турак жай коммуналдык чарбасына, курулушка жана жалпысынан алганда адамдардын жашоо образына жаңы мамилелер керек. Кошумчалай кетсек, көмүр менен иштеген бардык электр станциялары 2050-жылга чейин аны колдонуудан арылат. Бирок көмүртек бейтараптыгына жана коюлган максаттарга жетүү үчүн мамлекеттин, бизнестин жана коомдун аракеттерин бириктирүү маанилүү, деп баса белгиледи Мамлекет башчысы. Бул 2030-жылдардагы максаттарга гана жетүүгө, аны менен катар, эмиссияны 1990-жылдагы деңгээлден 15%га, 2060-жылга чейин парник газдарынын нөлдүк балансын кыскартууга мүмкүндүк берет, деп кошумчалады Касым-Жомарт Токаев.

Которгон: Илгиз Жамалбеков