Мажилисте энергия натыйжалуулугун арттырууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Мажилисте энергия натыйжалуулугун арттырууга багытталган мыйзам долбоору каралды

Жергиликтүү аткаруу органдарына үч жыл ичинде энергияны үнөмдөөчү жол карталарын кабыл алуу жана ишке ашыруу ыйгарым укуктарын берүү. Мындай сунушту караган тиешелүү мыйзам долбоору Мажилисте каралды. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкуловдун айтымында, бүгүнкү күндө буга багытталган конкреттүү программалар жок. Ошондой эле, документте өлкөнүн керектөөсүнүн үчтөн бирин түзгөн ири ишканаларга энергияны үнөмдөөгө жооптуу адамдарды киргизүү сунушталат. Алар энергия менеджерлеринин кызматын аткарат. Энергетикалык аудиттин сапаты жакшырат, бул өз кезегинде тармак адистеринин кесипкөйлүгүн жогорулатууга жардам берет. Жеке тармак үчүн маалымат тизмесин оптималдаштырууга артыкчылык берилет. Ал эми мамлекеттик секторду автоматташтырылган жылытуу борбору менен камсыздоо мерчемделүүдө. Жаңы мыйзам долбоорунда энергетикалык аудиттин толук максаттуу жана ыкчам энергетикалык аудит катары классификацияланышы каралган. Жалпы энергия үнөмдүүлүгү боюнча бир катар талаптар күчөтүлөт.

Бейбит Атамкулов, Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Энергияны үнөмдөөнүн олуттуу дарамети бар мамлекеттик тармакты жөнгө салууну күчөтүү жана бюджеттин чыгымдарын азайтуу үчүн төмөнкү инструменттер сунушталды. Бул мамлекеттик мекемелерде энергияны үнөмдөөнү камсыз кылган, ошондой эле, энергия керектөөчү жабдуулардын рыногун трансформациялоого түрткү берген энергияны үнөмдөөчү мамлекеттик сатып алууларды киргизүү. Энергияны керектөө стандарттарын кабыл алуу, алардын шайкештигин көзөмөлдөө, бенчмаркинг жана энергиянын натыйжалуулугу боюнча тиешелүү сунуштарды берүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков