Нур-Султанда «Вологда торлору» токуу чеберлеринин көргөзмөсү ачылды

Нур-Султанда «Вологда торлору» токуу чеберлеринин көргөзмөсү ачылды

Казакстанда Орусиянын маданият күндөрү башталды. Иш-чаралар комплексинин алкагында өлкөнүн Улуттук музейинде «Вологда торлору» токуу көргөзмөсү ачылды. Анда Вологда мамлекеттик тарыхый-архитектуралык жана көркөм музей-коругунун фондунан көркөм кол өнөрчүлүктүн уникалдуу эмгектери сунушталды. Алардын жарымынан көбүн орус чеберлеринин колунан жасалган кооз тор буюмдары түзөт. Панно, кийим үлгүлөрү жана тиричилик жабдыктары сыяктуу көз жоосун алган эмгектердин бардыгы 200 жылдан ашык тарыхы бар колго токуу техникасы менен жасалган. Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө тор токуу салтынын сырлары боюнча мастер-класстар уюштурулду. Көргөзмө тогуздун айынын 17не чейин уланат.

Ольга Ярилова, Орусия Федерациясынын Маданият министринин орун басары:

- Мында экспонаттардын көптөгөн түрлөрү сунушталган. Кээ бирлери 20-кылымдын башында жасалган баалуу экспонаттар. Алардын айрымдары өлкөнүн саркечтерине жага тургандай үлгүдө токулган. Бүгүнкү күндө Вологда торлору дүйнөгө белгилүү жана Париж, Италия сыяктуу өлкөлөрдө суроо-талапка ээ. Ошондуктан көргөзмөгө келгендердин баары кызыктуу делген нерсесин табарына ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков