Junior Eurovision 2021 сынагына 10 финалист аныкталды

Junior Eurovision 2021 сынагына 10 финалист аныкталды

Казакстанда Junior Eurovision 2021 улуттук тандоосунун 10 финалисти аныкталды. Онлайн добуш берүү аркылуу жаш таланттар акыркы тандоого жолдомо алышты. Балдар арасында негизги таймаш жетинин айынын 6да өтөт. Ага чейин композиторлор 10 катышуучуга ыр даярдашат. Өнөр сынагы дүйнөлүк мелдеште өлкөнүн намысын коргой турган чыныгы талантты аныктайт. Эске сала кетсек, бештин айынын 19да Junior Eurovision ыр сынагы Франциянын Париж шаарында өтөт. Казакстан бул музыкалык сынакка төртүнчү жолу катышат. Өлкөнүн ыр сынагына катышуусу Хабар агенттиги Европа телерадиоберүү биримдигине мүчө болгону менен тыгыз байланыштуу.

Хамит Шангалиев, музыкалык продюсер:

- Быйылкы чоң өзгөрүүлөрдүн бири - бул сынак Францияда оффлайн режиминде болот. Онлайн эмес. Былтыр Каракат Башанова катышканда онлайн болгон. Ошондуктан бул ондуктун жеңүүчүсү Францияга барып, өз өнөрүн көрсөтөт. Жалпысынан алганда, баары мурдагыдай болот. Биздин 30 мыктынын арасынан 10нун тандап алдык. Ошол он финалистке 10 жаңы ыр жазылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков