Казакстанда 1-класстан тартып балдарды санариптик сабаттуулукка окутуу башталат

Казакстанда 1-класстан тартып балдарды санариптик сабаттуулукка окутуу башталат

Казакстанда 1-класстын окуучулары үчүн жаңы сабак киргизилет. Быйылкы окуу жылынын үчүнчү чейрегинен баштап окуучулар санарип сабаттуулукка үйрөнө башташат.

Гүлмира Каримова, РКнын Билим жана илим министрлигинин мектепке чейин жана орто билим комитетинин төрайымы:

Биздин билишибизче биринчи класстын окуучулары абдан ар тараптуу жана таланттуу. Алар, албетте, мектепке чейинки курактан баштап мобилдик тиркемелерди, акылдуу телефондорду, компьютердик технологияны өздөштүрүп алышат. Компьютерди өз алдынча күйгүзүп, сүйүктүү мультфильмди же агартуучулук тасманы көрө алышат. Бул жаңы окуу планынын милдеттүү шарты - санариптик коопсуздук, санариптик эреже. 1-класстан тартып бул маалымат окуу планы алкагында бышыкталып жатат.

Өлкөнүн билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 4-класстын Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана 5-11-класстарга арналган информатика предметтери боюнча окуу программалары кайра каралды. Алар IT жаатында балдарга сапаттуу билим берүү үчүн жаңыртылды. Мектеп программасы алкагында ар кандай программалоо тилдерин үйрөтөт, анын ичинде эң популярдуу Python окутулат. Кошумчалай кетсек, 5-9-класстын балдарына 3D моделдөө жана 3D принтер боюнча сабактар өтүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков