Жаңы жолдун катмары текшерүүдөн өтөт

Жаңы жолдун катмары текшерүүдөн өтөт

Ата мекендик окумуштуулардын ойлоп табуусу өндүрүштүк сыноого жөнөтүлдү. Азыркы учурда Алматыдагы көчөлөрдүн бирине нано-асфальт төшөлдү. Жаңы жолдун катмары Казакстандын жол илимий-изилдөө институтунун окумуштуулары тарабынан ойлоп табылган. Нано-асфальт бетон магистралдарында колдонулган полимерден айырмаланат, анын курамында көмүртек порошогу бар. Аны көмүрдү майдалоо жолу менен алынат. Үч баскычтуу технология натыйжасында көмүртек компоненти акыркы өнүм катары нано-бөлчөкчөлөргө бөлүнөт. Илимий долбоор авторлорунун айтымында, жаңы жолдун катмары бышыктуулугу менен айырмаланат.

Багдат Телтаев, «Казжол» ГЗИ АК президенти:

- Бул асфальт-бетондун жолдогу пайдалануу көрсөткүчү кадимки асфальт бетонго караганда алда канча жогору. Мисалы, кээ бир көрсөткүчтөр 44%дан жогору, кээ бир көрсөткүчтөр 2-2,5 эсеге чейин жетет, Мисалы, Төле би проспекти акыркы жылдары бул наноасфальт бетон насосуна болгон күчтүү каршылык 2-2,5 эсе чоң. Мына ошондуктан биз бул нано-асфальт бетонду бул тилкеге төшөп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков