Мунай 3 жыл мурунку баасына жетти

Мунай 3 жыл мурунку баасына жетти

Мунайдын баасы рекорддук деңгээлге көтөрүлдү. Лондондогу фонд биржасында бештин айында жеткирилүүчү Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели акыркы үч жылда биринчи жолу 84 доллардан ашты. Өсүш 2,5 долларды түздү. Ал эми жетинин айында жеткирилген WTI маркасы 81 долларга бааланды. Эске сала кетсек, мындай динамика жетинин айында өндүрүүнү суткасына 400 миң баррелге көбөйтүү планын аткаруу боюнча ОПЕК + чечиминин алкагында сакталып турат. Ошол эле учурда мунай баасы алдыдагы убакытта баррелине 86 долларга чейин көтөрүлүшү мүмкүн деп болжолдонуп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков