Казакстанда керектөөчүлөрдүн укугун коргогон уюм түзүлөт

Казакстанда керектөөчүлөрдүн укугун коргогон уюм түзүлөт

Казакстанда керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча бирдиктүү уюм түзүлөт. Бул тууралуу Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитетинин төрагасы Аскар Тынысбеков билдирди. Анын айтымында, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо жаатындагы мыйзамдык базаны жакшыртуу максатында комитет мыйзамдарга өзгөртүүлөрдүн экинчи топтомун киргизүүнү көздөп жатат. Документ ушул жылдын кулжа айында керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча мекемелер аралык кеңештин биринчи жыйынында талкууланып, Ачык НКА порталында талкууга коюлган.

Аскар Тынысбеков, РКнын Соода жана интеграция министрлигинин Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо комитетинин төрагасы:

- Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча бирдиктүү улуттук коммерциялык эмес уюмдун иштеши үчүн укуктук базаны түзүү сунушталууда. Бул өлкөдөгү бардык бейөкмөт уюмдарды бириктирет жана чыңдайт. Экинчиден, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча Акыйкатчы институтун киргизүү мерчемделүүдө. Бул элдин жана коомдук бирикмелердин үнү болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков