Казакстан менен БАЭнин биргелешкен жаңы долбоорлору 6 миллиард доллардан ашат

Казакстан менен БАЭнин биргелешкен жаңы долбоорлору 6 миллиард доллардан ашат

Казакстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын жаңы биргелешкен долбоорлору 6 миллиард доллардан ашат. Жакында эки өлкө узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөштүк боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюшту. Анын ичинде энергетика, айыл чарбасы, транспорттук логистика, фармацевтика жана каржы тармактары бар. Кошумчалай кетсек, сапардын жүрүшүндө Казакстан менен БАЭнин почта кызматтары «Эстелик жана мааракелик даталар» сериясы менен «Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнө 30 жыл. Бириккен Араб Эмираттарынын түзүлгөнүнө 50 жыл» темасында эки почта маркасын чыгарды. Белгилей кетсек, азыркы учурда БАЭ компаниялары Казакстанда жалпы суммасы 3,5 миллиард доллардан ашкан 11 ири инвестициялык долбоорду ишке ашырууга катышууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков