Казакстан коңшу мамлекеттер менен трэвэл баблдарды түзүүнү сунуштады

Казакстан коңшу мамлекеттер менен трэвэл баблдарды түзүүнү сунуштады

Казакстан пандемия учурунда коңшу өлкөлөр менен «трэвэл баблдарды» түзүүнү сунуштады. Адистердин айтымында, мындай жашыл коридорлор жаңылык эмес, анткени бүгүнкү күндө аларды дүйнөнүн башка өлкөлөрү жигердүү колдонушат. Алардын айтымында, долбоор туристтердин чек арадан өтүүсүн жеңилдетет жана аймактык кызматташтыкты бекемдейт. Ошентип, туристтердин бийлик органдарына маалымат берүүсүүн, ошондой эле, эки жумалык карантин чараларын сактоонун кажети жок. Бирок коронавируска каршы тест тапшырууга милдеттүү. Серепчилер аталган долбоор боюнча регионалдык мекемелер аралык комиссия түзүүнү, өткөрүү пункттарынын инфраструктурасын жакшыртууну жана жалпы коопсуздук протоколдорун түзүүнү сунушташты.

Ернур Кенжебеков, АО «Kazakh Tourism УК» басма сөз катчысы:

- Бизге келген туристтердин басымдуу бөлүгү кургактык жол аркылуу келет. Бизде Орусия менен дүйнөдөгү эң узун чек арабыз бар - ал 7 миң чакырымдан ашат. Учурда биздин вакцина паспортубузду Кыргызстандан башка коңшу мамлекеттер тааный элек. Бирок ага карабастан, акыркы күндөрү Казакстан бир катар өлкөлөрдүн эмдөө паспортторуна уруксат бергендиги тууралуу маалымат чыкты. Анын ичинде Венгрия, Армения, Иран, Молдова, Кыргызстан, Түркия жана башка мамлекеттер бар. Андыктан трэвэл баблдар аркылуу туристтердин бизге келүүсүнө шарт түзүү керек дегенди билдирет. Алар көптөгөн бюрократиялык нюанстарды айланып өтүшү керек жана өлкөгө туризм үчүн келүүгө мүмкүндүк берген конкреттүү протокол менен түзүлүшү зарыл.

Эми туристтер үчүн жашыл коридорлор боюнча долбоорду тиешелүү органдарга жөнөтүү жана коңшу өлкөлөр менен талкуулоо мерчемделүүдө. Адистердин айтымында, бул карантинге чейинки мезгилдеги туристтердин агымын калыбына келтирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков