Казакстандык окуучулар Европа менен ЕАЭБге караганда аралыктан көбүрөөк билим алышты

Казакстандык окуучулар Европа менен ЕАЭБге караганда аралыктан көбүрөөк билим алышты

COVID-19 пандемиясы тарыхта билим берүү системасынын эң чоң бурулушуна алып келди. Ranking агенттигинин маалыматына ылайык, бул дүйнө жүзү боюнча 1,5 миллиарддан ашуун билим алуучуга таасирин тийгизди. Анын катарында Казакстан да четте калган жок. Муну менен катар, рейтинг агенттигинин маалыматы боюнча, Казакстан окуучулардын дистанттык билим алуу мөөнөтүнүн узактыгы боюнча 1-орунга чыкты. Республиканын мектеп окуучулары мектепте 11 ай бою аралыктан окушкан. Бул Европа менен ЕАЭБге караганда узагыраак убакыт. Адистер мындай узак убакыт онлайн режиминде окуу биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 98,3%га жеткен жеткиликтүү интернеттин аркасында ишке ашканын айтат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков