Караганды театры борбор калаада 6 спектакль койду

Караганды театры борбор калаада 6 спектакль койду

Караганды академиялык музыкалык комедия театры «Астана Операда» алты мыкты спектакль коюшту. Мегаполис көрүүчүлөрү үчүн артисттер жаркын, кызыктарга бай программа даярдашкан. Балдар көрүүчүлөрү үчүн даярдалган музыкалык жомоктор – Сыйкырдуу куш Самрук, Кичинекей Мук жана Сыйкырдуу гүл. Ал эми чоңдор үчүн белгилүү оперетта Кальмандын «Сильва», Штраустун «Вальстын падышасы», ошондой эле, Колкердин «Труффальдино» мюзикли сунушталды.

Амантай Ибраев, Караганды академиялык музыкалык комедия театрынын жетекчиси:

- Бул спектаклдер биздин театрдын толук палитрасын, театрыбыздын дараметин, солисттерибиздин вокалдык дараметин, балет бийчилеринин бий өнөрлөрүн, оркестрибиздин мүмкүнчүлүктөрүн толук көрсөтүү үчүн жана анын жанрдык өзгөчөлүктөрүн толук ачып берүү үчүн тандалган.

Николай Макаревич, чакырылган дирижёр /Беларусь/:

- Мен Самрук жомогунан башка, Караганды театры гастролдук афишага жарыялаган спектаклдердин дээрлик бардыгын алып барам. Мен Европа театрларында, Вена операсында болдум, бирок бул театрда көргөндөрүм мени тан калтырды. Балким, мен азырынча америкалык театрларды көрө элек чыгармын, башкача айтканда, менин бир нерсе менен салыштырууга аналогум жок. Деген менен бул керемет театр болду.

Белгилей кетсек, Караганды театрынын репертуарында эки жүз сексенден ашык спектакль бар. Алардын арасында дүйнөлүк классикалык опереттанын бермети, ошондой эле, заманбап спектаклдер бар. Театрдын режиссёрлору ар кандай музыкалык жанрлар менен эксперимент жүргүзүп, сахнада мюзиклдерди, концерттерди, романстар кечелерин коюп жатышат. Эми Караганды театры Нижний Новгород, Шымкент жана Алматыга гастролго чыгышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков