Казакстандык жаш ойлоп табуучулар дүйнөлүк жарышка катышууда

Казакстандык жаш ойлоп табуучулар дүйнөлүк жарышка катышууда

Атмосфералык абадан суу өндүргөн генератор. Мындай аппаратты ойлоп тапкан казакстандык жаш ойлоп табуучулар бүткүл дүйнөлүк FIRST Global Challenge мелдешинде өлкө намысын коргоп жатышат. Улуттук командага 20га жакын жогорку класстын окуучулары тандалып алынган. Сынактын шарты боюнча, дүйнөдөгү эң мыкты жаш интеллектуалдар глобалдык чакырыктар менен күрөшүүнүн эффективдүү жолдорун караштырып, жеткиликтүү материалдардан өлкөгө кызмат кыла турган ар кандай түзүлүштөрдү же роботторду жасоого тийиш.

Бибинур Арыстанбек, окуучу:

- Сууну ар кандай жолдор менен алууга болот. Бирок биз абадан суу алууга макул болдук. Аба таза болушу керек, бул ичүүчү суу эмес, тиричиликте колдонулган суу. Буга бир айдан ашык убакыт кетти. Ар ким өз милдеттерин бөлүшүп, пайдалуу генератор ойлоп таптык. Күнүнө бир генератор менен 20 литр суу алууга болот.

Жаш робототехниктер калыстар тобуна өздөрүнүн ойлоп табуусунун прототибин сунушташкан. Ал эми экинчи жана үчүнчү этаптар үчүн CubeSat наноспутнигин кураштырып, аны стратосферага учуруп көрүштү.

Абалис Аллаз, окуучу:

- Бул моделде биз 5 түрдүү сенсорду колдонобуз. Тазалыкты, жарыкты, температураны, шамалдын ылдамдыгын өлчөгөн датчиктер жана камера бар. Бул жазгы суу ташкын мезгилинде пайдасы көп. Ал 10 чакырым асманга учуп, жерди сүрөткө тартат. Кайсыл жерде кар көп жаайт, кайсыл жерде сел жүрүшү мүмкүн экенин болжолдойт. Бул маалыматтар аркылуу биз селдин алдын алабыз.

Айта кетсек, 2019-жылы Дубайда өткөн сынакта казакстандык жаш ойлоп табуучулар Кытай, Жапония жана АКШ сыяктуу робот техникасынын алптарын артта калтырып, 191 өлкөнүн ичинен үчүнчү орунду ээлешкен.

Которгон: Илгиз Жамалбеков