Сингапурда Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган жоогазындардын көргөзмөсү өттү

Сингапурда Көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналган жоогазындардын көргөзмөсү өттү

Сингапурда Казакстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына карата жоогазындардын көргөзмөсү өттү. Бул жерге биринчи жолу казак боз үйү тигилди. Нур-Султан чеберлери жасаган боз үй көргөзмөгө учак менен алынып келинди. Казакстандагы Кожа Ахмед Яссауи күмбөзүнүн көчүрмөсү да коомчулуктун назарына сунушталды. Башкача айтканда, көргөзмөнүн коноктору гүлдөрдү көрүп эле тим болбостон, казактын салттары жана музыкасы менен таанышты. Көргөзмөгө Сингапур министри Индрани Раджа дагы катышты. Аталган мамлекет Казакстан менен болгон мамилесин жогору баалайт. Өлкө эгемендүүлүк алардан бир нече ай мурун эки мамлекет лидерлеринин ортосунда жакшы мамилелер түзүлгөн.

Аркен Арыстанов, Казакстандын Сингапурдагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Казакстан менен Сингапурдун мамилеси бардык тармактарда тездик менен өнүгүп келет. Кызматташтыкты мындан туура 30 жыл мурун Сингапурдун биринчи премьер-министри Ли Куан Юнун Алматыга болгон тарыхый сапарында демилгеленген. Дал ошондо ал Казакстандын Туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушкан.

Белгилей кетсек, көргөзмөгө эмдөөдөн өткөндөргө гана катышууга уруксат берилди. Көргөзмө тогуздун айынын 14нө чейин уланат. Аны өлкөнүн 200 миңге жакын эли көрөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков