Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү өтүүдө

Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү өтүүдө

Опера ариялары, обондуу ырлар, автордук тасмалар жана музей көргөзмөлөрү. Кыргызстанда Казакстандын маданият күндөрү өтүүдө. Өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган программа ата мекендик киноиндустриянын жаңы чыгармаларына толду. Бишкектеги «Манас» кинотеатрында тарыхый мурас, улуттук өзгөчөлүктөр жана баалуулуктар тууралуу агартуучулук тасмалар көрсөтүлдү.

Актоты Райымкулова, Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри:

- Биз бир тууган өлкөлөрбүз. Казак жана кыргыз элдериндей бири-бирине жакын эл жок деп айтууга болот. Бизге бири-бирибизди түшүнүү үчүн котормочунун кереги жок. Анткени тилибиз окшош. Биздин тарыхыбыз, динибиз жана каада-салттарыбыз бир. Өлкөлөрүбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында элдерибиздин биримдигин чыңдаган жана достукка чакырган мындай иш-чаралар көп болушун каалайм.

Казакстандын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн расмий ачылышына арналган гала-концерт Улуттук филармонияда уюштурулду. Кыргыз эли казакстандык аткаруучулардын чыгармачылыгы менен жакшы тааныш, ошондуктан алар жакшы көргөн ырларын бирге ырдап, жылуу сезимдерин билдиришти. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров маданий кеченин ардактуу коногу болду.

Кайрат Иманалиев, КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри:

- Бизге Казакстандын төрт жүзгө жакын маданият ишмерлери келишти. Ырчылар, музыканттар, театр жана кино актёрлору, тарыхчылар менен сүрөтчүлөр. Биз ардактуу конокторубузду кубаныч менен тосуп алдык. Бул биз үчүн абдан чоң жана маанилүү окуя, анткени маданият бүгүнкү күн менен эле чектелбейт. Маданий диалог туруктуу. Алдыда биз биргелешкен концерттерди, спектаклдерди жана көргөзмөлөрдү өткөрөбүз. Анткени биздин маданиятыбыз окшош.

Көркөм искусствону баалоочулар үчүн Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын залында Абай атындагы мамлекеттик опера жана балет театрынын артисттери аткарган Ахмет Жубанов менен Латиф Хамидинин Абай опералык спектакли болот. Кошумчалай кетсек, Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде Казакстандын Борбордук мамлекеттик музейинин 70тен ашык уникалдуу экспонаттары, ошондой эле, Абилхан

Кастеев атындагы Мамлекеттик көркөм сүрөт музейи фондундагы мыкты сүрөттөрдүн коллекциясы сунушталды. Мунун баары Улуу Талаа цивилизациясынын негиздөөчүлөрү болгон көчмөндөрдүн жашоо образын чагылдырган абдан баалуу тарыхый жана маданий мурас.

Которгон: Илгиз Жамалбеков