Казакстан кайра жанма энергия буклактарынын көлөмүн көбөйтөт

Казакстан кайра жанма энергия буклактарынын көлөмүн көбөйтөт

Казакстан 2030-жылга чейин электр энергиясын өндүрүүдө кайра жанма жана альтернативалуу энергия булактарынын үлүшүн 15%га чейин көбөйтөт. Бүгүнкү күндө 2000 МВтка жакын калыбына келүүчү энергия булактары пайдаланууга берилди. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө өлкөдө жашыл энергия боюнча 123 объектиси бар. Кийинки төрт жылдын ичинде алардын саны 180ден ашат. Жашыл энергия боюнча долбоорлорду ишке ашырууга 1 триллион теңгеге жакын инвестиция тартылат. Бул максатка жетүү үчүн министрлик жыл сайын кайра жанма энергия долбоорлорун тандоо боюнча аукциондорду өткөрүүнү, рыноктун катышуучуларына техникалык талаптарды киргизүүнү, ири долбоорлор менен иштөөнү көздөп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков