Junior Eurovision: онлайн добуш берүү башталды

Junior Eurovision: онлайн добуш берүү башталды

Junior Eurovision ыр сынагынын финалына өткөн 30 катышуучунун аты белгилүү болду. Ошентип, өлкөдө катышуучулар үчүн онлайн добуш берүү башталды, ал тогуздун айынын 12не чейин созулат. Казакстандыктар алдыңкы отуздун ичинен 10 финалистти аныктайт. Андан соң, акыркы төртүнчү турда калыстар тобу мыкты аткаруучуну тандашат. Финал Хабар телеканалы аркылуу түз көрсөтүлөт. 100 кишиден турган ырчы бештин айынын 19да Парижде өтө турган эл аралык абройлуу ыр сынагында өлкөнүн намысын коргойт. Белгилей кетсек, өлкөнүн бардык аймактарынан 819 арыз келип түшкөн. Балдардын репертуарынан түрдүү жанрларды, азыркы лирикадан баштап, элдик ырларга чейин кездештирүүгө болот. Белгилей кетсек, Хабар агенттиги 2016-жылдан бери Европалык телерадиоберүү биримдигине мүчө. Мунун аркасында Казакстан эл аралык ыр сынагына 4-ирет катышууда.

Канат Айтбаев, калыстар тобунун мүчөсү:

- Бул долбоордон да көптү күтөбүз. Казакстандан эки жыл катары менен келген Ержан Максим да, Каракат Башанова да жеңүүчү болушту десек аша чапкандык болбойт. Андыктан бул жолу катыша турган балдардан көп нерсени күтөбүз.

Динара Бисембина, «Хабар» телеканалынын мүдүрү:

- Быйылкы жылдын өзгөчөлүктөрүнө келсек, албетте, уюштуруучулар Junior Eurovision ыр сынагын Парижде оффлайн форматта өткөрүү жоопкерчилигин өз моюндарына алышты. Былтыр Каракат Башанова өлкөнүн намысын коргогон. Бирок, мелдеш пандемияга байланыштуу онлайн режиминде өттү. Быйыл дагы онлайн форматта өтөт деп коркконбуз, бирок уюштуруучулар ушундай чечим кабыл алышты жана бул бизди абдан кубандырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков