Казакстанда экспортту тездетүү программасынын экинчи этабы башталды

Казакстанда экспортту тездетүү программасынын экинчи этабы башталды

Өлкөдө экспортту тездетүү программасынын экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Казакстандын экспортун колдоо жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча брифингде айтылды. Бул жолу программанын катышуучуларынын саны үч эсеге көбөйдү. Жалпысынан 100 жергиликтүү ата мекендик компания катталган. Алардын көбү Кытайдын, Орусиянын, Бириккен Араб Эмираттарынын жана Борбор Азия мамлекеттеринин рынокторун багындырууну көздөшүүдө. Негизги багыттары - тамак-аш, жеңил өнөр жай жана унаа жасоо. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда жасалган 5 миңдей өнүмдүн түрлөрү дүйнөнүн 120 өлкөсүнө жеткирилет.

Асел Егембердиева, «QazTrade» ССДО» АК башкы мүдүрүнүн орун басары:

- Катышуучулар эл аралык баллдык модель боюнча диагностикадан өтүшөт. Ар бир компания үчүн экспортко чыгуунун жеке программасы иштелип жатат. Ошондой эле, бизде дараметтүү сатып алуучулардын базасы түзүлгөн эл аралык өнөктөштөрүбүз бар. Алар биздин катышуучуларга ишенимдүү кардарларды табууга жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков