КМШ мамлекеттери куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен инженердик бөлүмүн түзөт

КМШ мамлекеттери куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен инженердик бөлүмүн түзөт

Гуманитардык минадан тазалоо милдетин аткаруу үчүн Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Куралдуу Күчтөрүнүн биргелешкен бөлүмү түзүлөт. Тиешелүү келишим бүгүн парламент Сенатынын пленардык жыйынында жактырылды. Документ жалпы инженердик структуранын макамы эрежелерин жана анын келечектеги ишинин багытын аныктоого мүмкүндүк берет. Казакстандын Коргоо министринин орун басарынын айтымында, аскерлер биргелешип мина талааларын, жардыргыч заттардын бар болуу объектилерин, техникалык чалгындоо жана согуштук иш-аракет болгон райондорду коркунучтан арылтып, тазалоо боюнча иштерди жүргүзүшөт.

Дарын Туяков, Казакстандын Коргоо министринин орун басары:

- Гуманитардык минасыздандыруу иштерине катышуу үчүн улуттук инженердик бөлүктү жиберүү тууралуу чечимди жөнөтүүчү тараптын улуттук мыйзамдарына ылайык кабыл алынат. Макулдашууда биргелешкен бөлүктү КМШга кирбеген мамлекеттин аймагында гуманитардык минасыздандыруу милдеттерди аткарууга тартуу мүмкүнчүлүгү көздөлгөн. Казакстан Республикасы бул иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин мандатына ылайык гана мүмкүн деп эсептейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков