Dubai EXPO-2020: глобалдык идеялар аянтчасы

Dubai EXPO-2020: глобалдык идеялар аянтчасы

Дубайдагы ЭКСПО көргөзмөсүндө Казакстандын павильону келгендерди робот менен адамдын аткаруусундагы бийи менен тосуп алат. Бул - технология менен адам бири-бирин толуктап турган заманбап көрүнүш. Экөө тең планетага зыян келтирбеши керек. Тескерисинче, өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн бириктирүү менен айлана-чөйрөнү сактап кала алат. Бийчи Мария Володарец залда отургандардын баарына планетанын тазалыгы үчүн баардыгы жооптуу экенин айтат.

Мария Володарец, бийчи:

- Биз мындан 10 жыл мурун эмне болгонун элестете алган эмеспиз. Ошол сыяктуу эле, 100 жылдан кийин адамдар жасалма интеллект менен иштөөсү мүмкүн. Бул кандайдыр бир сыйкыр деп ойлобоо керек. Мүмкүн эмес эч нерсе жок.

Павильонго кирген ар бир адам казак талаасынын салкын желин сезет. Бул Дубайдын 40 градус ысыгында өзгөчө көрүнүш дегенге болот. Андан кийин жусан жытынан жыттап, казактын кара домбрасынын үнүн угуп, чындап эле өзүн чексиз талаада жүргөндөй сезет. Келүүчүлөр Казакстандын флорасы жана фаунасы, укмуштуудай жаратылышы жана эс алуу аймактары тууралуу маалымат ала алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков