Мажилис өнөр жай саясатына байланыштуу документти жактырды

Мажилис өнөр жай саясатына байланыштуу документти жактырды

Казакстандык ишкерлер өнөр жай грантын алууга арыз бере алышат. Өнөр жай долбоорлорун колдоонун жаңы куралы Өнөр жай саясаты жөнүндө мыйзам долбоорунда каралган. Документ Мажилистин жалпы жыйынында каралып, биринчи окууда жактырылды. Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри Бейбит Атамкуловдун айтымында, индустриялаштыруунун бирдиктүү картасы аркылуу өнөр жай саясатынын аткарылышына мониторинг жүргүзүлөт. Бул борборго долбоорлордун аткарылышын көзөмөлдөөгө жана маселелерди өз убагында чечүүгө мүмкүндүк берет, дейт тармак башчысы. Бейбит Атамкулов өнөр жай саясатынын алкагында бизнес үчүн шыктандыруунун 20га жакын иш-чарасы жеткиликтүү болорун кошумчалады.

Бейбит Атамкулов, РКнын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри:

- Ишканалардын талабы боюнча стимулдаштыруунун жаңы ыкмасы - өнөр жай гранты иштелип чыкты. Өнөр жай гранты биргелешип каржылоо аркылуу өндүрүштү модернизациялоо үчүн берилет. Жаңы чара ишканаларды технологиялык жактан кайра жабдууну камсыз кылат жана өнүмдүн сапатын жакшыртат. Ошондой эле, мыйзам долбоорунда Өнөр жайды өнүктүрүү фондунун ишин жөнгө салуу каралган. Фонд жабдууларды сатып алуу үчүн лизингдик каржылоо, 3 пайыздан ашпаган индустриалдык инновациялык долбоорлорго жеңил насыя берүү сыяктуу стимулдаштыруу чараларынын оператору болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков