Эгемендүүлүккө белек: «Атамекен» экспедициясы аяктады

Эгемендүүлүккө белек: «Атамекен» экспедициясы аяктады

«Атамекен» экспедициясы соңуна чыкты. Бир айга созулган долбоор өлкө эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган. Борбордон чыккан биринчи топ Батыш Казакстан аркылуу түштүк аймактарды кыдырып, Алматыга жетти. Ал эми экспедициянын экинчи тобунун багыты Чыгыш Казакстан аркылуу өткөн. Экспедициянын мүчөлөрү ар бир аймактын паспорту болгон тарыхый жерлерди жана туристтик обьектилерде болуп, ар тараптуу көрсөттү. Сапар Алматынын Шымбулак, Көктөбе жана Сак дөбөлөрү сыяктуу туристтик жерлери менен аяктады. Айта кетсек, экспедицияны республикалык Эгемен Казакстан жана Казахстанская правда гезиттеринин кызматкерлери уюштурган. Экспедициянын жүрүшүндө журналисттер өлкөнүн кооз жерлери тууралуу 15 макала жарыялады.

Айбын Шагалак, «Egemen Qazaqstan» республикалык газети» АК башкарма төрагасынын орун басары:

- Бул өлкөнүн региондору мурда кандай болгонун, азыр алардын деңгээли кандай экенин, эгемендиктин жетишкендиктерин көрсөтүү болду. Соңку жыйынды атайын көз карандысыздыгыбыздын жана эркиндигибиздин алтын бешиги болгон Алматыда жыйынтыктап жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков