Дүйнөдөгү эң алгачкы киноэкипаж эл аралык космос станциясына жетти

Дүйнөдөгү эң алгачкы киноэкипаж эл аралык космос станциясына жетти

Казакстандагы Байкоңур космодромунан адамзат тарыхындагы биринчи тартуу тобу космоско учту. Союз МС-19 космос кемеси Эл аралык космос станциясына космонавт Антон Шкаплеровду, актриса Юлия Пересильдди жана режиссер Клим Шипенкону жеткирди. Учуу убактысы 3 саат 27 мүнөттү түздү. Космос кемеси станцияга абдан шашылыш схема боюнча келди. Экипаж аман-эсен станцияга түштү. Жалпысынан, космонавттын өмүрүн сактап калуу үчүн орбитага аттанган дарыгер аял тууралуу тасманын эпизоддору тартылат. Актёрлор космосто 12 күн болушат. Бугу айынан бери атайын борбордо машыгуудан өткөн тартуу тобу тогуздун айынын 17де Казакстанга кайтып келиши керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков