Казакстанда суу ресурстарынын эффективдүүлүгү жогорулайт

Казакстанда суу ресурстарынын эффективдүүлүгү жогорулайт

Казакстанда суу ресурстарынын эффективдүүлүгү жогорулайт. Өкмөттүн жыйынында белгилүү болгондой, кийинки беш жылдын ичинде республикада узундугу эки жарым миң чакырымга жакын жүз жыйырма канал реконструкцияланат жана тогуз чоң суу сактагыч курулат. Жаңы объекттердин курулушу жана иштеп жаткандардын модернизациясы, ошондой эле, суу үнөмдөөчү технологияларды колдонуу жыл сайын 6,4 куб км көлөмүндө кошумча суу ресурстарын топтоону камсыздайт, деп белгиледи Премьер-министр. Бул өлкөдөгү сугат жерлердин кеңейишине жана жалпысынан экономиканын бардык тармактарынын эффективдүү өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Белгилей кетсек, мындай тапшырманы буга чейин Президент Касым-Жомарт Токаев койгон. Жалпысынан 2030-жылга чейин сугат аянтын үч миллион гектарга чейин жеткирүү мерчемделүүдө. Тиешелүү жол карталарын иштеп чыгуу жооптуу мекемелерге жана акимчиликке тапшырылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков