Нур-Султанда келерки жылы дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайы өтөт

Нур-Султанда келерки жылы дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайы өтөт

Диний лидерлердин келерки жылы борбордо өтө турган съездине даярдыктар жыйынтыкталды. Катчылыктын жумушчу тобунун жыйынына Казакстан, Сауд Аравиясы, Пакистан, Египет, Иран, Орусия, Ватикан жана Израилден келген беделдүү эл аралык уюмдардын жана диний бирикмелердин өкүлдөрү катышты. VII курултайдын расмий күн тартиби катчылыктын эртеңкиге белгиленген жыйынында кабыл алынат жана өтө турган күнү аныкталат. Жалпысынан дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин жолугушуусу ушул жылга мерчемделген, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу ал кийинки жылга жылдырылган. Белгилей кетсек, 2003-жылдан бери Казакстандын борборунда өтүп келе жаткан Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайы бүгүнкү күндө глобалдык диалог аянтчасына айланган.

Джо Бейли Уэллс, Англия чиркөөсүнүн өкүлү:

- Келерки жылга мерчемделген жетинчи курултайга даярдыктар көрүлүүдө. Менимче, дүйнөдөгү диний сабырдуулук жана экстремизм маселелери абдан маанилүү. Ошол эле учурда, өзгөчө пандемиядан кийин пикир алмашуу абдан маанилүү деп ойлойм. Мындай жолугушуулар абдан пайдалуу, анткени биз бири-бирибиздин каада-салттарыбыз менен жакындан таанышабыз. Мен дүйнөдөгү аялдар үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн каалайм. Менимче, аялдардын лидерлик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана алардын салымын моюнга алуу керек.

Серик Егизбаев, Казакстандын Маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри:

- Бүгүнкү талкууланып жаткан маселелер келерки жылдын күн тартиби болуп саналат. Сунуштарды сурап жатабыз. Биз өзүбүздүн сунуштарыбызды киргизебиз. Бирок алардын да пикирине муктажбыз. Негизги тема - пандемиядан кийинки абал. Диний лидерлердин ролу кандай болот?

Которгон: Илгиз Жамалбеков