Эл аралык «Мунай жана газ» көргөзмөсү ачылды

Эл аралык «Мунай жана газ» көргөзмөсү ачылды

Казакстанда 27-эл аралык мунай жана газ көргөзмөсү ачылды. Бул беделдүү аянтча. Анда рыноктун негизги оюнчулары инновациялык технологияларды көрсөтүшөт, тармакты өнүктүрүүнүн негизги тенденцияларын талкуулашат жана курч маселелердин чечимдерин табышат. Быйыл салттуу көргөзмөгө 9 өлкөдөн 156 компания катышууда. Жалпы экспозиция 3 миң чарчы метрге жакын аянтты жана мунай-газ комплексинин 13төн ашык аянтын камтыйт. Анын ичинде геология жана геофизика, санариптештирүү, инженерия, мониторинг жана инфраструктураны жакшыртуу боюнча жаңы чечимдер бар. Ар бир катышуучу өз дараметин көрсөтүүдөн тышкары, маанилүү бизнес программаларга катыша алат. Белгилей кетсек, тарыхы өлкөнүн эгемендүүлүгү менен башталган көргөзмө борбордо биринчи жолу өтүп жатат.

Марина Ли, «Мунай жана газ» көргөзмөсү долбоорунун жетекчиси:

- Көргөзмөнүн алкагында ар кандай багыттагы семинарларды жана жаңы долбоорлордун бет ачарларын өткөрүү мерчемделген. Технологиялык жараяндарды автоматташтыруу жана санариптештирүү сыяктуу актуалдуу маселелер бизнес чөйрөсүндө талкууланат. Эң негизгиси, көргөзмөнүн калыптанып калган салтына ылайык, Казакстандын башкы операторлору бөдрөтчүлөр менен иштөөнүн эң өзөктүү маселелерин дагы бир жолу талкуулашып, келечектеги сатып алуу мерчемдери менен бөлүшүшөт. Кыскача айтканда, программанын иш-чаралар комплекси масштабдуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков