Казакстандык стартаптар 2025-жылга карата 500 миллион долларлык ІТ-кызматтарды экспорттойт

Казакстандык стартаптар 2025-жылга карата 500 миллион долларлык ІТ-кызматтарды экспорттойт

Акылдуу навигация системасы, билим берүү платформалары, заманбап шаардын көчөлөрүнүн видео талдоосу жана башка кызматтар. Мындан сырткары IT тармагынын адистери дагы эмне даярдашууда? Astana Hub мүчөлөрүнүн күнүмдүк жаңы идеялары казакстандыктардын жашоосун алда канча ыңгайлуу кылган конкреттүү долбоорлорго айландырууда. Бүгүнкү күндө таланттуу казакстандыктар бүтүндөй корпорацияларды түзүп жатышат. Мындай бизнестер жаңы идеядан башталууда.

Дал ушундай идея Канат Келдибековго келген. Ал онлайн башкарылуучу акылдуу кулпу. Ал өзү кыймылсыз мүлктүн ээси болсо да, бир нече жолу отурукташууну каалаган адамдар менен жолуга албай калган. Натыйжада жаңы технология аталган көйгөйдүн чечимин табуу менен бирге ийгиликтүү бизнестин булагына айланды.

Канат Келдибеков, стартаптын негиздөөчүсү:

- Биз иштей баштадык, мобилдик тиркеме иштелип чыкты. Кытайдан жеткирүүчү таап, биринчи партиясын алып келип, колдоно баштадык. Биз мобилдик тиркеме аркылуу батирди 1 мүнөттө ижарага алууга мүмкүндүк берген өнүмдү иштеп чыктык. Башкача айтканда, буга чейин бир-эки саат талап кылынса, азыр ал башкача. Биз үйгө отурукташууга көп убакыт кетпөөсүн көзөмөлдөйбүз жана каражатты үнөмдөйбүз.

Аралыктан башкарылуучу кулпуларды сатуу күн сайын өсүүдө. Бүгүнкү күндө алдын ала буйрутмаларды казакстандыктар эле эмес, орусиялык ишкерлер да жасашат. IT кызматтарынын экспорту боюнча айта турган болсок, бир жылдан ашык убакыттын ичинде ал 36 миллиард теңгени түзгөн. Өлкөнүн эң ири Astana Hub технопаркынын кызматкерлери эки жарым жыл ичинде 124 миллиард теңге киреше таап, 34 жарым миллиард инвестиция тарткан. Алар ошондой эле технологиялар дүйнөсүнүн башка да стартап жылдыздарын түзүү үчүн бул жерде жаңы программаларды ачып жатышат.

Абай Абсамет, «Astana Hub» IT-стартаптар эл аралык техно паркынын башкаруучу мүдүрү:

- Бул жылы Astana Hub Президенттин 100 миң жаңы адисти түзүү тапшырмасынын алкагында Techorda деп аталган программаны ишке киргизди. Анын алкагында биз жеке программалоо мектептеринин катышуучуларын субсидиялайбыз. Биз 5 жылдын ичинде бул программадан 20 миңге жакын IT адистерин даярдоону пландап жатабыз. Ошондой эле, Астана хабдын тарыхында биринчи жолу IT-долбоорлорду каржылоо программасы ишке кирди.

Бүгүнкү күндө технопарктын резиденттери арасында 539 IT-компания бар, анын 47си гана чет элдик компаниялар. Astana Hub жетекчилигинин айтымында, 2025-жылга чейин алар 500 миллион долларлык IT-кызматтарын экспорттоону көздөшүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков