Коомдук кеңештер аркылуу 20 миңден ашык нормативдик документ каралды

Коомдук кеңештер аркылуу 20 миңден ашык нормативдик документ каралды

Акыркы беш жылдын ичинде коомдук кеңештер 20 миңден ашуун ченемдик укуктук актыларды карап чыгышты. Алардын 2 миңден ашыгы Кеңештер тарабынан жакшыртуу үчүн кайтарылган. Бул тууралуу маалымат жана коомдук өнүктүрүү министринин орун басары Болат Тлепов брифингде билдирди. Анын айтымында, Коомдук кеңештер институтунун жардамы менен жарандардын жашоосуна түздөн-түз тиешеси бар документтердеги кемчиликтер өз убагында аныкталган. Мында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коомдук кеңештерге отчёт бере баштаганы да чоң роль ойнойт.

Болат Тлепов, РКнын Маалымат жана коомдук өнүктүрүү вице-министри:

- Жыл сайын ар кандай деңгээлдеги 1500 мамлекеттик кызматкер коомдук кеңештерге отчёт берет. Бул кошумча миңдеген маселелердин чечими жана чечилбей жүргөн суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгү. Кошумчалай кетсек, акыркы 5 жылдын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн сапатына коомдук мониторингдин алкагында миңден ашык изилдөөлөр жүргүзүлүп, актуалдуу маселелер боюнча ачык талкуунун жыйынтыгында 2 миңден ашуун маселе көтөрүлгөн. Мунун баары массанын жалпы көйгөйлөрүн этибарга албаган жана аларды ар дайым трибунадан көтөрүүнү сунуштаган жигердүү жарандарыбыздын ыктыярдуу эмгегинин натыйжасы.

Которгон: Илгиз Жамалбеков