Борбордук Азия эл аралык форуму: билим сапатын арттыруу

Борбордук Азия эл аралык форуму: билим сапатын арттыруу

Казакстандын аккредитация жана рейтинг боюнча көз карандысыз агенттиги Бүткүл дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан таанылды. Бул дүйнө жүзү боюнча саламаттык сактоо мекемелерин жана ага байланыштуу окуу программаларын сыноого берилген укук. Бул тууралуу борбор калаада өткөн 5-Борбор Азия форумунда айтылды. Ата мекендик уюм мындай макамга ээ болгон КМШдагы мамлекеттердин ичинен эң алгачкысы, башкача айтканда, жалгыз агенттик. Эске салсак, 2024-жылга чейин билим берүү сапатын жогорулатуу үчүн дүйнөлүк билим берүү мейкиндигиндеги бардык медициналык мектептер эл аралык талаптарга ылайык аккредитациядан өтүүгө тийиш. Белгилей кетсек, казакстандык агенттик эл аралык абройлуу уюм болуп саналат. Ал жогорку, техникалык жана кесиптик билим берүүдө билим сапатын текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бүгүнкү күндө Европа жана Борбордук Азиянын 11 өлкөсүндө адистештирилген кызматтарды көрсөтөт.

Алина Жумагулова, Казакстандык аккредитациялоо жана рейтингдин көз карандысыз агенттигинин башкы мүдүрү:

- Дүйнөлүк коомчулук бизди жакшы билет. Анткени, башка өлкөлөрдүн университеттери бизге келип, биздин агенттиктин аккредитациясынан өтүп турат. Мисалы, алар бизди издеп, ал тургай Жаңы Зеландиядан, Барбадостон чалышат жана бул казак агенттигинин кызматтарын колдонууга кызыгуучулук билдирип жатышат. Албетте, ал өлкөлөр биз жөнүндө кайдан билишет деген суроо туулат. Башкача айтканда, бул деген биз беделдүү дүйнөлүк тармактарда экенибизди билдирет. Алар ошол сайттарга кирип, агенттиктердин кызматын баалап, бизди тандашат.

Нурлан Омуров, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министринин орун басары:

- Биздин өлкөнүн улуттук реестринде 7 аккредитация агенттиги катталган. Алардын бири чет өлкөлүк болсо, калгандары биздин аккредитациялык агенттиктер. Биздин рынокто казакстандык уюм билим берүү мекемелеринин окуу программасын текшерет. Биз аны албетте жакшы кабыл алабыз. Анткени бул трансфер. Бул эл аралык агенттиктердин талабына ылайык технологияларды салыштыруу, эки тараптуу тажрыйба алмашуу жана бөлүшүү.

Жалпысынан алганда, 5-Борбор Азия форуму алкагында жогорку билим берүүнүн сапатын камсыздоого, дүйнөлүк тенденцияларга жана регионалдык аспектилерге багытталган. Онлайн жана оффлайн форматта өткөн Эл аралык форумга 10дон ашык өлкөдөн 600гө жакын адам катышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков