Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгү аяктоодо

Казакстанда түшүм жыйноо өнөктүгү аяктоодо

Казакстанда түшүм жыйноо мезгили аяктап баратат. Ал эми кампага жыйналган буудайдын сапаты акыркы беш жылда эң жакшы көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифингде айыл чарбасынын биринчи вице-министри Айдарбек Сапаров билдирди. Анын айтымында, түшүм жыйноо 98%га аткарылды. Дан эгиндеринин жана өсүмдүк майларынын жалпы көлөмү болжол менен 18 миллион тоннага жетиши күтүлүүдө.

Айдарбек Сапаров, Казакстандын Айыл чарбасынын биринчи вице-министри:

- Быйыл жалпы эгин аянты 23 миллион гектарды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 322 миңге көп. Акыркы маалыматтар боюнча, учурда 15,5 миллион гектар буудай жана кылкандуу дан эгини жыйналды. Дандын орточо түшүмдүүлүгү гектарына 9,7 центнерди түздү. 15 миллион тонна эгин бастырылды, анын ичинен 11,7 миллион тоннасы буудайдын катуу сорту. Ошол эле учурда, жашылча, картошка, пахта жана башка өсүмдүктөрдү жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Аба ырайы жакшы болсо, өлкөнүн түшүм жыйноо өнөктүгү келерки аптада аяктоого тийиш.

Баяндамачынын айтымында, бул жыл республиканын агроөнөр жай комплекси үчүн оңой болгон жок. Аптаптуу ысыктан улам кыйынчылыктар жаралды. Бирок мындай кургакчылык Казакстанда гана эмес, Канада, АКШ жана Орусия сыяктуу дан өндүргөн алдыңкы мамлекеттерде да байкалган. Фермерлерди керектүү ресурстар, анын ичинде каражат, техника, кордук бөлүктөр, үрөн жана өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары менен камсыз кылуунун аркасында өлкө түшүм жыйноону өз убагында баштай алды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков