2023-жылы ЖМК тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн

2023-жылы ЖМК тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн

Казакстанда маалымат каражаттары үчүн жаңы түшүнүк киргизилип, жаңы медиага аныктама берилет. Бул тууралуу маалымат жана коомдук өнүктүрүү вице-министри Кемелбек Ойшыбаев Astana Media Week иш-чарасында билдирди. Анын айтымында, ЖМК тууралуу мыйзамга киргизилүүсү мүмкүн болгон өзгөртүүлөр журналисттер арасында талкууланат.

Кемелбек Ойшыбаев, Казакстандын маалымат жана коомдук өнүктүрүү вице-министри:

- Жаңы технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу биз массалык маалымат каражаттарын мыйзамдык жактан бекемдөө үстүндө иштеп жатабыз. Тактап айтканда, мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү мерчемдөөдөбүз. Биз муну журналисттик коомчулук менен талкуулайбыз жана ал 2023-жылы кабыл алынышы мүмкүн. Биз жаңы медиага аныктама беребиз. Мунун баары интернеттеги жаңы платформалар, өнүгүп жаткан маалыматтар. Ал издөө системаларын, OTT-платформаларын жана социалдык тармактарды камтыйт. Биз Казакстанда иштөө эрежелерин бекитебиз. Медиа-өлчөө процедурасы мыйзамдуу түрдө болот.

Белгилей кетсек, бүгүн борбор калаада жыл сайын өтүүчү Astana Media Week-2021 медиа жумалыгы башталды. Иш-чарага дүйнөнүн алдыңкы медиасынын топ-менеджерлери, мамлекеттик кызматкерлер, белгилүү журналисттер, даректүү тасмалардын жаратуучулары, ошондой эле, АКШ, Британия, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын блогерлери катышууда. Astana Media Week-2021 эки күнгө созулат. Иш-чара онлайн жана оффлайн форматында өтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков