Нур-Султанда Казакстан менен Сауд Арабиясынын биргелешкен инвестициялык бизнес-форуму өтүүдө

Нур-Султанда Казакстан менен Сауд Арабиясынын биргелешкен инвестициялык бизнес-форуму өтүүдө

Казакстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы аба байланышы жанданат. Алматыдан Жиддага түз аба каттамдар тогуздун айында башталат. Бул тууралуу борбор калаада өтүп жаткан эки өлкөнүн биргелешкен инвестициялык бизнес-форумунда айтылды. Жалпы жыйынга эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн жана бизнесинин 170тен ашуун өкүлдөрү катышууда. Казакстан эмдөө паспортторун эки тараптуу таануу жана QazVacты Сауд Арабиясына жеткирүү, ошондой эле, кызматташтыктын дараметин жогорулатуу жана трафикти чектөөнү азайтуу үчүн Падышалыктын аймагында ата мекендик вакциналарды биргелешип өндүрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады. Саудиялык компаниялар жеке тармакты өнүктүрүүгө, динамикалык коомду түзүүгө жана эл аралык соодада атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга багытталган улуттук программаны ишке ашыруудагы тажрыйбасы менен бөлүштү. Буга кошумча форумдун жүрүшүндө бир катар келишимдер түзүлдү. Тараптар айыл чарба, энергетика, туризм, кайра жанма энергия булактары жана санариптештирүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты. Белгилей кетсек, пандемиянын кесепеттерине карабастан, ушул жылдын жети айында эки өлкөнүн ортосундагы соода 36,5%га өстү.

Сакен Олжабаев, «Kazakh Invest» УК» АК инвестиция тартуу боюнча бөлүмдүн жетекчиси:

- Сауд Арабия Падышалыгынын делегация өкүлдөрүнүн айтымында, компаниялардын Казакстанга инвестиция салууга ниети жана кызыкчылыктары абдан жогору. Учурда Сауд Арабиясынан Казакстанга түз инвестициянын көлөмү 117 миллион АКШ долларын түзөт. Бирок бул эки өлкөнүн инвестициялык кызматташуу мүмкүнчүлүгүн толук чагылдырбайт. Андыктан бул форум келечекте ири компаниялардын кызматташуусу жана эки өлкөнүн биргелешкен инвестициялык долбоорлору үчүн демилге болот деп ишенебиз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков