Казакстан Ооганстанга гуманитардык жардам берүүгө даяр

Казакстан Ооганстанга гуманитардык жардам берүүгө даяр

Казакстан Ооганстанга гуманитардык жардам берүүгө даяр. Бул жаатта Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки өлкөгө ыраазы экенин айтты. Бул тууралуу ал Казакстандын элчиси Алимхан Есенгелдиев менен Кабулдагы жолугушууда билдирди. Муттакинин айтымында, Ооганстандын жаңы өкмөтү бардык өлкөлөр менен тынчтык мамилелерди түзүүгө ниеттенүүдө. Артыкчылык региондогу коңшу өлкөлөргө берилет. Ооган жетекчилиги Казакстандын дүйнөлүк аренадагы саясатын жогору баалайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков