ХІІІ эл аралык Ташкент кино фестивалы

ХІІІ эл аралык Ташкент кино фестивалы

Казакстандык кино тасмалар Өзбекстан борборунда. XIII ирет өткөрүлө турган Эл аралык Жибек Жолунун бермети аттуу кинофестиваль алкагында Амире, Аманат, Энеге карай жол сыяктуу ата мекендик тасмалар коомчулукка тартууланат. Казак делегациясын Азамат Сатыбалды, Нуржуман Ихтымбаев, Самал Еслямова сыяктуу белгилүү актерлор жетектешет. Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк кино күндөрүнүн алкагында ата мекендик актёрлор жаш кинематографисттер менен жолугушуп, мастер -класстарды өткөрүүсү мерчемделүүдө. Айта кетсек, кинофестиваль аяк оона айынын 28нен тогуздун айынын 3нө чейин өтөт.

Зухритдин Режаметов, актер:

- Казакстандын киносу жөнүндө айтсам, акыркы убакта бул тармак абдан өнүктү десем болот. Мен көптөгөн актёрлорду жана чыгармачыл топтун мүчөлөрүн билем. Боордош өлкөдө кино тармагы жакшы өнүгүп жатканына кубанычтамын. Алардын чыгармалары бул кинофестивалга катышкан көптөгөн өлкөлөрдүн тасмаларынан айырмаланат деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков