Казакстан-Беларус: айыл чарба тармагындагы кызматташтык

Казакстан-Беларус: айыл чарба тармагындагы кызматташтык

Казакстанда Борбор Азияда жана Жакынкы Чыгышта аналогу жок ветеринардык вакциналарды чыгаруучу завод курулат. Уникалдуу өндүрүш борбору Беларус менен айыл чарба жана азык-түлүк кызматташтыгы боюнча келишимдин алкагында ишке ашырылат. Ошондой эле, аталган өнөктөш өлкө айыл чарба жаатында да тажрыйба алмашууну көздөп жатат. Ошол эле учурда алар республика аймагында товардык сүт фермаларынын тармагын түзүүнү сунушташты. Беларус тарап өз тажрыйбасын бөлүшүү менен катар курулушту башынан аягына чейин алууга даяр. Буга чарбаны толук жабдуу, асыл тукум мал менен камсыз кылуу жана адистерди даярдоо кирет.

Павел Утюпин, Казакстан Республикасындагы Беларус Республикасынын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси:

- Учурда биз сунуш менен эле чектелип калбай, казак кесиптештер менен конкреттүү сүйлөшүүлөргө өтүүдөбүз. Суроо-талапка ылайык, техникалык чечимдерди көрсөтүп, Беларуста колдонулуп жаткан мындай курулуш иштери үчүн керектүү технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып жатабыз. Анда биз даяр чийки затты кайра иштетүү боюнча тажрыйбабыз менен бөлүшөбүз. Бизде өндүрүш тармагы да жакшы өнүккөн.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө тараптардын ортосундагы айыл чарба өнүмдөрүнүн товар жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын жети айында эле болжол менен 126 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,5%га көп. Эки тараптуу соода алмашуунун жалпы көлөмү да ушул эле мезгилде 31%га өстү. Учурда Казакстанда жеткирүү тармагында Беларус капиталы менен түзүлгөн 40ка жакын субъекти жана 170тен ашуун диллерлик уюмдар бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков