«Казак тилиндеги 100 жаңы окуу китеби» долбоору жыйынтыкталды

«Казак тилиндеги 100 жаңы окуу китеби» долбоору жыйынтыкталды

Дүйнөдөгү мыкты окуу китептери жарым миллиондон ашык казак студенттеринин колуна тийди. «Жаңы гуманитардык билим. Казак тилиндеги 100 жаңы окуу китеби» долбоорунун жыйынтыгы чыгарылды. Котормо иштерин Улуттук Котормо Бюросу уюштурду. 100 китеп, 4 жылдын ичинде толугу менен которулган. Ар бир окуу китеби 10 миң даана нускада басылып чыгып, өлкөнүн билим берүү мекемелерине таратылды. Ал эми электрондук нускалары «Казакстандын Ачык Университети» порталына жайгаштырылып, эркин колдонууга берилди. Онлайн платформасында жүз миңден ашуун колдонуучу катталган. Өткөн жылы эле андагы курстар эки миллион жолу колдонулган. Серепчилердин пикири боюнча, бул өлкөдө буга чейин колго алынбаган комплекстүү долбоордун илимий казак тилине салынган олжосу менен керекке жараган масштабынын көрүнүшү.

Рауан Кенжеханулы, Улуттук котормо бюросу КК аткаруучу мүдүрү:

- Окуу китептеринин негизинде аралыктан окутуунун заманбап онлайн курстары иштелип чыккан. Тактап айтканда, ар бир окуу китебинин негизинде видео лекциялар даярдалып, жалпы саны 200 курс, 5 миңден ашык видео лекциялар жасалды. Алар өзгөчө бул пандемия учурунда дистанттык окутууга өтүү кезинде студенттер жана билим берүү мекемелери үчүн эң сонун курал болуп калды.

Шерубай Курманбайулы, филология илимдеринин доктору, профессор:

- Буга чейин ар бир кылымда, ар бир этапта котормолор, эмгектер, чыгармалар болгон. Бирок, мындай комплекстүү түрдө уюштурулган иш жана мындай масштабдуу долбоордун ишке ашуусу 100 окуу китебин, анын ичинде дүйнөнүн алдыңкы университеттеринде окутулуп жана билим алып жаткан, бир нече ирет басылып чыккан, дүйнөгө белгилүү окумуштуулардын эмгектерин казак окурмандарына, казак студенттерине жана билим алуучулардын колуна, өзүнүн улут тилинде которуп жеткирүү бул чоң жетишкендик.

Которгон: Илгиз Жамалбеков