КМШ мамлекеттери куралдуу күчтөрдүн интеграцияланган байланыш тутумун түзөт

КМШ мамлекеттери куралдуу күчтөрдүн интеграцияланган байланыш тутумун түзөт

КМШнын аскерлери биргелешкен байланыш системасын түзүшөт. Мажилис отурумнда депутаттар тиешелүү келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алышты. Аталган тармакка жооптуу мекеме башчысынын орун басары Тимур Дандыбаевдин айтымында, бул аскер кызматкерлерине куралдуу күчтөрдүн командалык-башкаруу тутумунда бардык түрдөгү маалымат алмашууга жардам берет. Ал эми колдо болгон ресурстар кол койгон мамлекеттердин баарында бирдей колдонулат. Вице -министрдин айтымында, мындай чара КМШ аскерлеринин күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Ошондой эле, жаңы келишимди кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт, деди Тимур Дандыбаев.

Тимур Дандыбаев, РКнын Коргоо министринин орун басары:

- Бул келишимдин максаты – бул байланыш системаларынын өз ара алмашуусун жана шайкештигин камсыз кылуу. Орус тарап бизге КМШнын чегинде байланышты камсыз кылуу үчүн байланыш каражаттарын техникалык жактан камсыздоо милдетин өзүнө алып жатат. Бирок бул биздин учурдагы байланыш системабызга жана аскерлерди башкарууга таасир этиши мүмкүн дегенди билдирбейт. Бизде жабык жана ачык сегменттерде өзүбүздүн байланыш системабыз бар.

Которгон: Илгиз Жамалбеков