Казакстанда сода заводу салынат

сода
www.gastronom.ru

Казакстанда кальцийленген сода өндүргөн алгачкы завод курулат. Бул айнек, химия, металлургия, тоо-кен өндүрүшү жана текстиль өнөр жай тармагын өнүктүрүүдө абдан керектүү өнүм. Наркы 400 миллион долларлык долбоор түрк инвесторлорунун катышуусу менен ишке ашырылат. Өзгөчөлүгү-өндүрүш жараянында экологиялык таза жана калдыксыз технологиялар гана колдонулат. Заводдун курулушу үстүбүздөгү жылдын үчүнчү кварталында башталары күтүлүүдө. Курулуш иштери 3 жылга мерчемделген. Баштапкы этапта заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 500 миң тонна өнүмдү түзүп, аны 1 миллион тоннага чейин жеткирүү көздөлгөн. Бул өлкөгө сода күлүнүн импортунан кутулууга гана эмес, Кытай, Түркия, АКШ жана Орусия сыяктуу алдыңкы өндүрүүчүлөр менен теңелүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, ички керектөөлөрдү канааттандыруудан тышкары, келечекте Казакстан товарды Батыш Кытайга жана КМШ мамлекеттерине экспорттой алат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков

×