«Беймалым Казакстан» даректүү тасмасы

«Беймалым Казакстан» даректүү тасмасы

«Беймалым Казакстан» долбоорунун тартуу тобу Семейге келди. Улуу казак акыны Абайдын туулган жеринде өлкөнүн кайталангыс жерлери тууралуу даректүү тасманын алгачкы эпизоду тартылат. Экспедиция Чыгыш Казакстан облусунда 8 күн болот. Бул убакыт аралыгында облус тууралуу керектүү бардык маалыматтарды чогултулат деп мерчемделген. Жалпысынан тартуу тобу 100 миң чакырымга жакын жолду басып өтүшөт жана бир нече айдан кийин бүт Казакстанды кыдырышат. Белгилей кетсек, даректүү тасма казак, орус жана англис тилдеринде даярдалат. Ал бештин айынын 16сы Эгемендүүлүк күнү жарыкка чыгат.

Бакытжан Баяхметов, шаар акими:

- Өсүп келе жаткан жаш муун үчүн тарыхый мааниси зор документ болуп калат. Ошондуктан бул демилгенин өзү Семей шаарында Шакарим менен Абайдын, Мухтар Ауэзовдун көпчүлүк интеллигенциянын туулган жеринен башталгандыгы бизди абдан кубандырат.

Рафаэль Гасанов, долбоордун уюштуруучусу:

- Бул долбоор өнөктөштөрүбүз менен бирге Жаштарга жол коомдук фондунун алкагында ишке ашууда. Негизги милдет - биздин өлкөнү көрсөтүү. Ал тургай биздин казакстандыктар укпаган адамдар менен жолугушуу. Бул өлкө үчүн эмгектенгендерди билүү абдан маанилүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков