Караганды аймагынын тарыхы тууралуу маалыматтык сайт түзүлөт

Караганды аймагынын тарыхы тууралуу маалыматтык сайт түзүлөт

Тарыхый маалыматтар бир аянтчада чогултулган. Карагандыда аймактын өнүгүүсүн толук кандуу тааныткан маалыматтык сайт түзүлөт. Ага аймактагы бардык археологиялык жана архитектуралык эстеликтер киргизилет. Ал тизменин башында турган ыйык жерлердин бири - Актау чеби. Ал 1837-жылы курулган. Дөбөнүн бийиктиги 2 метр, ал эми тегерегиндеги чуңкурдун тереңдиги 3 метрге жакын.

Темиргали Аршабеков, тарыхчы:

- Бул сайт аркылуу кичине болсо да ар бир чөлкөмдүн, анын тарыхын географиясын, санжырасын, топонимиясын, бардыгын ушул сайт менен жеткирүү. Жаштар бүт нерсени уюлдук телефондон көрүшөт. Ошондуктан баарын маалыматтык тутумга кошуп жатабыз.

Актау чеби тууралуу баалуу документтер жана жакын жерден табылган экспонаттар азыр Жанарка музейинде сакталуу.

Ерболат Шубаев, райондук тарыхый-чөлкөм таануу музейинин мүдүрү:

- Бизде тыйын, үч тыйын, андан кийин жоокерлердин топчулары, ошол мезгилдеги аялдардын тагынган шакектери, сандыктардын тили, кулпулары, музейдеги баалуу экспонаттар бар.

Бүгүнкү күнгө чейин Актау чебинде атайын археологиялык казуу иштери жүргүзүлгөн эмес. Бул жерде кызмат кылган офицерлердин отчеттору жана жеке каттары сыяктуу архивдик документтер негизги маалымат булагы болуп саналат. Быйыл биринчи жолу изилдөөчүлөр квадрокоптердин жардамы менен толук изилдеп, эстеликти Казакстандын ыйык жерлеринин тизмесине киргизүү үчүн документтерин тапшырышты. Тарыхчылардын айтымында, бул аймакка туристтерди тартууга өбөлгө түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков