Берлинде алгачкы казак бирикмеси түзүлдү

Берлинде алгачкы казак бирикмеси түзүлдү

Казакстан маданиятын кеңири таанытуу жана жайылтуу. Берлинде биринчи казак ассоциациясы түзүлдү. Уюмдун курамына аталган өлкөдө иштеп, окуган мекендештер кирет. Демилгечилер казак акын-жазуучуларынын чыгармачылык кечелерин өткөрүп, ата мекендик тасмаларды көрсөтүүнү, көргөзмөлөрдү жана фестивалдарды уюштуруп, элдин маданиятын жана салттарын көрсөтүшөт. Ал эми балдар үчүн атайын программа даярдалып, дем алыш күндөрү Берлиндеги элчиликте казак тили сабактары уюштурулат. Лекциялар оюн түрүндө өткөрүлөт. Казакстандык өспүрүмдөр эне тилин унутпашы үчүн ар кандай иш-чараларды уюштуруу көздөлгөн.

Айнур Матаева, «Мирас» казактар бирикмесинин төрайымы:

- Биз бул жерде чоңойгон балдарыбызды элибиздин каада-салттарын билишин жана эне тилинде сүйлөөсүн каалайбыз. Аларды үйрөтүү биздин негизги милдетибиз. Боз үй сатып алып, улуттук тамак -ашыбызды жергиликтүү калкка тааныштырууну мерчемдеп жатабыз. Ошол эле учурда акын-жазуучулардын чыгармачылык кечелерин уюштуруп, ата мекендик тасмаларды көрсөтүүнү колго алмакчыбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков