Түркестан облусунда тоо лыжасы базасы салынууда

Түркестан облусунда тоо лыжасы базасы салынууда

Түркестан облусу масштабдуу долбоорду баштады. Анда чоң лыжа комплексинин курулушу жүрүп жатат. Ал аймактагы Каскасу капчыгайына курулат. Мында лыжа базасы үчүн ылайыктуу кар баскан сегиз тоо жайгашкан. Облустук акимчиликтен билдиришкендей, лыжа тебүүчү жолдордун жана асма жолдордун курулушу деңиз деңгээлинен 1880ден 3 155 метр бийиктикте жүргүзүлөт. Ошондой эле мейманканалар, ресторандар, аквапарк, Альп кыштактары, оюн, спорт жана машыгуу борборлору орун алат. Белгилей кетсек, Каскасу Казакстандагы эң ири курорттук базага айланмакчы.

Омар Жанкалов, Төлеби райондук ишкердик бөлүмүнүн башчысы:

- Жолдун боюна жогорку вольттуу линиялар тартылат. Алар Ленгир шаарынан башталып, узундугу туристтик базага чейин 40 чакырым аралыкты түзөт. Мындан тышкары, өзүңүздөр көрүп тургандай, кирүүчү жолдорго даярдык иштери жүргүзүлдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков